МИК учурда 15.6 миң арыз кабыл алды, андан 236 арыз каралууда

МИК учурда 15.6 миң арыз кабыл алды, андан 236 арыз каралууда

МИК учурда жарандардын 15 миң 675 арызын кабыл алып, 6 миң 741 адам банктардын кароосуна кезеке коюлду. Бул тууралуу МИКтин төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаттары МИКтин имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Жыйында баяндама жасаган МИКтин төрайымы Аида Төлөгөнова белгилегендей, компания 2015-жылы ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калктын насыяга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында түзүлгөн.

«Бул убакыт ичинде 7606 үй-бүлө 11 млрд 840 млн сомго турак жай менен камсыздалды. Учурда жарандардын 15 миң 675 арызы кабыл алынып, 6 миң 741 адам банктардын кароосуна кезеке коюлду, 236 арыз каралууда», – деди Төлөгөнова.

Жыйында Башкармалыктын төрайымынын орун басары Тилек Жээмбаев МИК турак жайды куруу маселеси боюнча иштеп жатканын, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 300 га жер тилкесин бөлүп берүүгө даяр экендигин маалымдады. 

«Аянты 1 гектарга жакын жер тилкелерине МИК өз каражатынан турак жай курууну көздөп жатат, 1 гектардан ашкан жерлерге кошумча каражаттарды тартуу үчүн инвестициялык сынак жарыяланат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка