Жарым жылда КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жетти - 35%га өстү

Жарым жылда КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жетти - 35%га өстү

КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2.5 млрд АКШ долларына жакын сумманы  түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында билдиргенин минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 4.4%га өскөнүн, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 6.6%га өсүү менен инвестициянын агылып келүүсүндө оң динамика байкалып жатканын белгиледи.

“Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин Кытай, Индия жана АСЕАН өлкөлөрү сыяктуу негизги өнөктөштөрү менен тышкы соодасынын көлөмү туруктуу өсүшкө ээ болууда. Алсак, алар менен сооданын көлөмү тиешелүү түрдө 31.9%, 31.7% жана 11.3%га өскөн. Учурдагы чектөөлөргө карабастан, Европа Биримдиги менен сооданын көлөмү 28.4% өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча КРнын экономикасынын өнүгүү динамикасы да оң көрсөткүчкө ээ болууда. Ошентип, ИДП 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.2%га өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакын сумманы  түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35%га өстү, ал эми экспорт 682.3 млн долларды түздү (өсүү 1.6 эсе), ал эми импорт – 1.7 млрд долларды (27.5%га өсүү) түзгөн”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка