Бишкек шаарына бүгүн жылуулук берилип баштайт

Бишкек шаарына бүгүн жылуулук берилип баштайт

Бүгүн, 26-октябрдан баштап “Электр станциялары” ААК филиалы – “Бишкекжылуулуктармагы” Бишкек шаарына жылуулук берүүнү баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагы” тургундарды үйлөрдүн жана имараттардын үстүңкү кабаттарынын жылыткычтарында жайгашкан Маевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарылдыгын эскертет.

Жылытууну берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи орунда – жылуулук энергиясын мурда пайдалангандыгы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Эске салсак, “Бишкекжылуулуктармагы” 137 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Жылуулукка байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: – (0312) 61-11-69, 1980, 0557611166, 0777611166, 0701611166.

Мындан тышкары окуңуз

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн Манас айылына чейинки тилкеге киргизилет. Бул тилкеде курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу жана анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тергөө учурунда аныкталгандай, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейинки мезгилде чет мамлекеттин жарандары С.Т., Д.

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматына кызматтык автоунаа жана жайыттарга мониторинг жүргүзө турган заманбап техникалык жабдууларды тапшырат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, техникалар жана жабдуулар ФАО