Бишкекте Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун кеңсесин ачуу пландалууда

Бишкекте Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун кеңсесин ачуу пландалууда

2022-жылдын 24-28-октябрында Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Сеул шаарында GGGI тарабынан уюштурулган Глобалдык Жашыл Өсүү – 2022 жумалыгына катышууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын алкагында GGGI башкы директору Фрэнк Райсберман менен эки тараптуу жолугушуу болуп, анда тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты жана КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун максаты – Кыргызстанда жашыл өсүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн техникалык жардамга, финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган тараптардын ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүү болуп саналат.

Жолугушууда министрдин орун басары Абдрахманов кыргыз тарап жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, парник газдарын чыгаруунун соода схемалары, ошондой эле аз эмиссиялуу транспорт каражаттарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча чаралар да буга кирет.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу боюнча тараптар жашыл демилгелерди илгерилетүү үчүн Кыргызстанда жергиликтүү GGGI кеңсесин ачууну макулдашты.


Маалымат иретинде:

Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институту (GGGI) 2012-жылы Рио+20 (Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү боюнча Конференциясы) конференциясында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм болуп саналат, ал өлкөлөргө экономикалык өсүштүн жаңы моделин – “жашыл өсүштү” иштеп чыгууда жана жайылтууда колдоо көрсөтүп, бир эле учурда экономикалык көрсөткүчтөргө жана экологиялык туруктуулукка багытталган. GGGI иши жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат табуу үчүн өкмөткө техникалык жардамды берүүнү айкалыштырат.

Мындан тышкары окуңуз

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 550 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ысык-Көл акваториясында инспекторлор узундугу болжол менен 400 метрди түзгөн төрт эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышкан. Ушундай эле

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү. Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана