Борбордогу жылуулук тармактарынын жабдууларынын 70% эски - «Бишкекжылуулуктармагы» тургундарды эскертет

Борбордогу жылуулук тармактарынын жабдууларынын 70% эски - «Бишкекжылуулуктармагы» тургундарды эскертет

Бүгүн, 26-октябрдан баштап “Электр станциялары” ААК филиалы – “Бишкекжылуулуктармагы” Бишкек шаарына жылуулук берүүнү баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Борбордогу жылуулук тармактарынын жабдууларынын 70% эски болгондуктан “Бишкекжылуулуктармагы” жарандарды ысык суу же буу чыгып жатканы байкалса, сөзсүз кайрылууга чакырат.

  • Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980; Мобилдик тел.: 0557 61-11-66; 0777 61-11-66; 0701 61-11-66
  • Диспетчердик кызмат: 56-85-58
  • Борбордук райондун ички системалары боюнча күзөтчү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67
  • Борбордун түштүк райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү системалар боюнча күзөтчү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.

Белгилей кетсек, жылытууну берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи орунда – жылуулук энергиясын мурда пайдалангандыгы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Эске салсак, “Бишкекжылуулуктармагы” 137 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Ошондой эле аталган мекеме тургундарды үйлөрдүн жана имараттардын үстүңкү кабаттарынын жылыткычтарында жайгашкан Маевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарылдыгын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кыргызалтын" ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ошондой эле ал компаниянын 2025-жылдагы жалпы таза кирешесинен 1,8 эсеге көп. 2025-жылдын жыйынтыгында "Кыргызалтындын" таза кирешеси

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 550 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ысык-Көл акваториясында инспекторлор узундугу болжол менен 400 метрди түзгөн төрт эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышкан. Ушундай эле