КРнын жети миллионунчу жараны Жакшылык 11.5 млн сом алат

КРнын жети миллионунчу жараны Жакшылык 11.5 млн сом алат

КРнын жети миллионунчу жаранына 1 млн сом анын депозиттик эсебине берилет жана Жакшылык 16 жашка чыкканга чейин ал көбөйүп, 11.5 млн сом болот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында КРнын жети миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында КРнын президентинин атынан жети миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11.5 млн сомго жакын сумадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 млн сом суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет.

Мындан тышкары окуңуз

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 550 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ысык-Көл акваториясында инспекторлор узундугу болжол менен 400 метрди түзгөн төрт эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышкан. Ушундай эле

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү. Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана