Кыргызстанда энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда

КРнын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө тыюу салуу сунушталууда. Аталган мыйзам долбоору кечээ, 25-октябрдан тартып, коомдук талкууга коюлду.

“КРнын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов демилгелеп жатат.

Мыйзам жарандардын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттерден алынган кирешелер алынууга жана республикалык бюджетке чегерилүүгө жатат жана ушул мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү адамдар жоопкерчилик тартат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  • Мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номуру 0312 63 88 52 аркылуу билдирсеңиздер болот.

Мындан тышкары окуңуз

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 550 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ысык-Көл акваториясында инспекторлор узундугу болжол менен 400 метрди түзгөн төрт эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышкан. Ушундай эле

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү. Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана