Кыргызстандан алтын камтыган концентраттарды экспорттоого 2023-жылдын 1-майынан тартып тыюу салынат

Кыргызстандан алтын камтыган концентраттарды экспорттоого 2023-жылдын 1-майынан тартып тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров «КРдан алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

КРнын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн концентраттарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө.

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААКга КРнын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматы жана КР УКМКнын Чек ара кызматы ушул Жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.

Министрлер кабинетине белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчы шаарында аянты 3,1 гектарды түзгөн этнопарк курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн кире беришин көрктөндүрүү жана туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Этнопаркта Кыргызстандын жети дубанынын өзгөчөлүгүн, кыргыздын улуттук колоритин, маданиятын чагылдырган жайлар жана экспозициялар орун алат. Кире бериш бөлүгүнө "

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгына кабылган жаранга ОСАГО полиси боюнча 125 миң 200 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, полис жол кырсыгынан улам үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдардын мыйзамда белгиленген тартипте ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арча суу сактагычынын жээгине мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Текшерүүгө интернет булактарында тараган маалымат негиз болгон. Жыйынтыгында Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары,