Жаңы түзүлгөн тигүү ишканалары 5 жыл салык төлөбөйт

Жаңы тигүү ишканалары беш жыл бою салык төлөбөйт. Бул тууралуу кечээ, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, бардык жаңы түзүлгөн ишканалар гана салыктардан бошотулат. Ошол эле учурда Социалдык фондго чегерүү төлөнөт. Ага ылайык, Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Амангелдиев беш жылдыктын мөөнөтү аяктагандан кийин алтынчы жана жетинчи жылдарда тигүүчү ишкана 50%, ал эми сегизинчи жылдан тартып, 100% салык төлөөгө өтө тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Экономика министри бүгүнкү күндө тигүү тармагына эң төмөнкү көрсөткүч – кирешенин 0.25%ы белгиленгенин эске салды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды