Бишкек ЖЭБден чыккан күлдү утилизациялоого жыл сайын 100 млн сом кетет

Бишкек ЖЭБден чыккан күлдү утилизациялоого жыл сайын 100 млн сом кетет

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жыл сайын чыккан күлдү утилизациялоого 100 млн сомго чейин каражат жумшайт. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына AAA GROUP корпорациясынын курамына кирген «Терек-Таш» ЖЧКсы Кемин районунда клинкер чыгаруу заводу тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Бишкек ЖЭБ 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп, калкты жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздап келет. Ал эми көмүрдү жакканда анын калдыгы – күл пайда болуп, ал көп жылдан бери 8 млн тоннадан ашып, таштанды төгүүчү жайларга чогулуп кеткен. Жыл сайын ЖЭБден 190 миң тоннага чейин күл чыгат.

«Терек-Таш» ЖЧКсынын өкүлү ЖЭБден чыккан күл убакыт өткөн сайын ашыкча чыгымга эле эмес, экологиялык көйгөйлөрдү жаратаарын айтат.

“ЖЭБ жыл сайын күл төгүүчү жайды күтүүгө жана күлдү утилизациялоого 100 млн сомго чейин каражат жумшайт. Бул таштандылар бир кезде калктуу конуштардан алыс болчу. Бирок учурда ал дээрлик борбордун ичинде эле болуп калды. Ал эми бул жыл өткөн сайын таштанды төгүлгөн жайлардын жанындагы конуштардагы абанын булганышы; жер астындагы суулардын булганышы; респиратордук, онкологиялык жана башка оорулардын өсүшү сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат.

Ал эми бул экологиялык көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө максатында биз Кытайдын бир нече илимий институттары менен биргеликте акыркы 2 жылда Бишкек ЖЭБинен чыккан көмүрдүн күлүн цементке кошумча катары пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүздүк.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, күлдү клинкерге кошумча катары колдонууга мүмкүн экенин аныктадык! Бирок таштандылардан чыккан күлдү түздөн-түз колдонууга болбойт – аны зыяндуу заттардан бөлүп алуу үчүн бөлүү процессин жүргүзүү зарыл. Бул үчүн кайра иштетүү керек”, – деди ал.

Кошумчалай кетсек, аталган ишкана Кемин районунда клинкер чыгаруу заводун ишке киргизип, Бишкек ЖЭБинен чыккан күлдү ага кошууну пландоодо.

Кошумча окуңуз:

Кемин районунда клинкер чыгаруучу завод ишке кирсе, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат

Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү – Factcheck.kg

Мындан тышкары окуңуз

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун алкагында Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Маматканов мамлекеттин өнүгүүсү билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрларга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул

Бишкек жана Ошто улгайган адамдар үчүн эс алуу борборлору курулат

Бишкек жана Ошто улгайган адамдар үчүн эс алуу борборлору курулат

Ысык-Көлдө пенсионерлер үчүн заманбап эс алуу борбору ачылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Алиевдин айтымына караганда, борбордо улгайган жарандар бийлеп, йога менен машыгып, шахмат ойной алышат. Ошондой эле эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого бардык шарттар түзүлөт. Президенттин тапшырмасынын негизинде ушундай эле эс алуу борборлорун Бишкек

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары 1 млрд доллардан ашты

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары 1 млрд доллардан ашты

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эки тараптуу каржылоонун эң ири институту бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, 2015–2025-жылдар аралыгында жалпы суммасы 1 млрд 28 млн долларды түзгөн 3 696 долбоор каржыланды. Анын ичинде: 163 ири инвестициялык долбоорго – 735,4 млн доллар; 3 533

Кыргызстан менен ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматташууну кеңейтет

Бүгүн финансы министри Руслан Сүйүналиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү – атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы кызматташууну кеңейтүү, укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери талкууланды.