БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстандагы акыркы окуяларга комментарий берди

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстандагы акыркы окуяларга комментарий берди

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Элизабет Тросселл Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады. Белгилей кетсек, буга чейин КРнын жарандык активисттери камоолор боюнча БУУнун жана Евробиримдиктин кеңселерине кайрылышкан болчу.

«Кыргызстанда 20дан ашык адам, анын ичинде активисттер жана блогерлердин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин алар камакка алынышты. 24-октябрда алар эки айга камалып, аларга карата “зордук-зомбулук менен массалык баш аламандык уюштурган” деген олуттуу кылмыш иши козголгон.

Камалгандар Кыргызстандын түштүк-батышындагы Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо үчүн түзүлгөн топтун курамына киришкен, анткени КР өкмөтүнүн чек араны делимитациялоо келишимине ылайык, суу сактагыч коңшу Өзбекстанга өткөрүлүп берилет. Алардын дарегине коюлган дооматтар активисттердин бул боюнча тынчсыздануусун коомчулукка билдирүүсүнө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукту талап кылуусуна байланыштуу болууда.

Биз бийликти аларга эл аралык укуктун негизинде тийиштүү процесстин жана адилет соттук териштирүүнүн кепилдиктерин толук камсыз кылуусун, анын ичинде сотко тез арада жеткирилишин жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун талаша ала тургандай болушун камсыздоого чакырабыз.

Элдин өз оюн эркин билдирүү жана маалымат алуу укуктары, коомдук талкууга катышуу укугу корголууга тийиш. Кемпир-Абад суу сактагычына келсек, жергиликтүү тургундар менен натыйжалуу кеңешүү жүргүүзүү зарыл”, – деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин комментарийинде.

Мындан тышкары окуңуз

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн Манас айылына чейинки тилкеге киргизилет. Бул тилкеде курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу жана анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тергөө учурунда аныкталгандай, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейинки мезгилде чет мамлекеттин жарандары С.Т., Д.

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматына кызматтык автоунаа жана жайыттарга мониторинг жүргүзө турган заманбап техникалык жабдууларды тапшырат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, техникалар жана жабдуулар ФАО