Улуттук банк төлөм системаларына талаптарды иштеп чыгууда – сунуштарыңызды кантип берсеңиз болот?

Улуттук банк төлөм системаларына талаптарды иштеп чыгууда – сунуштарыңызды кантип берсеңиз болот?

Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып жатканын билдирди.

Ошондой эле регулятор кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл ала тургандыгын кабарлады.  

Сунушталган жөнгө салуунун максаты – төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүдө өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн эсептешүү агенттерине минималдуу талаптарды белгилөө болуп саналат. 

Сунушталган жөнгө салуу төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын ишине тиешелүү. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:   

  • жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы
  • көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы
  • сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы
  • сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн
  • сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал 
  • проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы 
  • сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

Маалымат жана сунуштарды талкуулоо боюнча azmambetalieva@nbkr.kg электрондук почтасына жана 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 дареги боюнча электрондук почта аркылуу, 2022-жылдын 9-ноябрынан кечиктирбестен кайрылуу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчы шаарында аянты 3,1 гектарды түзгөн этнопарк курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн кире беришин көрктөндүрүү жана туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Этнопаркта Кыргызстандын жети дубанынын өзгөчөлүгүн, кыргыздын улуттук колоритин, маданиятын чагылдырган жайлар жана экспозициялар орун алат. Кире бериш бөлүгүнө "

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгына кабылган жаранга ОСАГО полиси боюнча 125 миң 200 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, полис жол кырсыгынан улам үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдардын мыйзамда белгиленген тартипте ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арча суу сактагычынын жээгине мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Текшерүүгө интернет булактарында тараган маалымат негиз болгон. Жыйынтыгында Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары,