Бишкекте ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук көргөзмөсү өтөт

Бишкекте ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук көргөзмөсү өтөт

1-2-ноябрь күндөрү Бишкекте ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук деңгээлдеги көргөзмөсү өтөт, анда Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген ишкер айымдар өз продукцияларын кеңири коомчулукка тартуулап, инвесторлордун алдында сүйлөй алышат.

ЭКСПО-2022 көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү Европадагы жана
Борбордук Азиядагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн улуттук өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргызстандагы жана башка катышуучу-өлкөлөрдөгү ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү алкагында ишке ашууда.

1-ноябрда Бишкекте “Бишкек Парк” соода борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 60тан ашык ишкер айымдардын товарларынын жана кызматтарынын жарманке-көргөзмөсү өтөт.

2-ноябрда B2B форматындагы аянтча уюштурулуп, анда мамлекеттик кызматкерлердин жана баяндамачылардын катышуусунда актуалдуу темалар, маселелер, аялдардын ишкердиги сунуштары боюнча панелдик сессия өтүлөт.

“Күндүн экинчи жарымында калыстар тобу жана потенциалдуу инвесторлор үчүн 40тан ашык ишкер айымдардын параллелдүү питчинги өткөрүлөт, алардын финалисттери бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Чыгыш Европадан келген катышуучулар менен атаандаштыкта ЭКСПО-2022 улуттук онлайн көргөзмөсүнө катыша алышат (2022-жылдын 16-17-ноябры)”, – деп айтылат маалыматта.

Европадагы жана Борбордук Азиядагы БУУнун Аялдар демилгеси
Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан координацияланып, Accelerate Prosperity (Accelerate Prosperity AP ASIA долбоорунун алкагында аялдарды окутат жана Европа Биримдиги менен Ага Хан Фонду тарабынан биргелешип каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,