7.5 кг алтын куймасы менен кыргызстандык аял Индиянын аэропортунда кармалды

7.5 кг алтын куймасы менен кыргызстандык аял  Индиянын аэропортунда кармалды

Делидеги (Индия) Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто Кыргызстандын жараны 7.5 кг алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деген шек менен бажы кызматкерлери тарабынан кармалганын Ommcom News порталына шилтеме берүү менен 24.kg жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, 27-октябрда Кыргызстандан учкан аял аэропортто 4 алтын куймасын ич кийимине тигилген убактылуу чөнтөктөрүнө катып, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Кармалган учурунда ал алтын куймалардын документтерин көрсөтө алган эмес.

Бажы кызматкерлери аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган портал, кыргызстандык аял жергиликтүү сотко жеткирилип, 14 суткага камакка алынганын билдирди.

Кошумча окуңуз:

Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты

Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди

Мындан тышкары окуңуз

Баткен менен Фергананын туристтик кызматташтыгы бекемделүүдө

Баткен менен Фергананын туристтик кызматташтыгы бекемделүүдө

Баткен облусунун журналисттери Өзбекстандын Фергана облусуна уюштурулган маалыматтык турга катышып, аймактын туристтик жана маданий мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты — Баткен менен Фергананын ортосундагы медиа жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү. Журналисттер Фергананын тарыхый жайларын, кол өнөрчүлүк жана жибекчилик борборлорун, ошондой эле Фергана IT паркы,

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,