Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү жеке президенттин өзү менен жолугушууну талап кылышууда

Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү жеке президенттин өзү менен жолугушууну талап кылышууда

Кыргызстандагы Жалпы маалымат каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү президент менен жолугушууну талап кылышууда.

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутовго кайрылуу жолдошту.

Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген.

“Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат”, – деп жазылган.

Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96% Россиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.

Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады.

Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт.

“Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: “Республика”, “24.kg” жана “Азаттык Медиа”. Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg”, – деп айтылат маалыматта.

Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жеке, президенттин басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранышты.

Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:

  • “Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын
  • Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу
  • Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу
  • “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу
  • ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү
  • Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен менен Фергананын туристтик кызматташтыгы бекемделүүдө

Баткен менен Фергананын туристтик кызматташтыгы бекемделүүдө

Баткен облусунун журналисттери Өзбекстандын Фергана облусуна уюштурулган маалыматтык турга катышып, аймактын туристтик жана маданий мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты — Баткен менен Фергананын ортосундагы медиа жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү. Журналисттер Фергананын тарыхый жайларын, кол өнөрчүлүк жана жибекчилик борборлорун, ошондой эле Фергана IT паркы,

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,