Оштогу ишкана кыргыз өндүрүшүнө бут тосуулар болуп жатканына нааразы

Оштогу ишкана кыргыз өндүрүшүнө бут тосуулар болуп жатканына нааразы

“МЕДИМПЕКС” ишканасынын директору Канатбек Кадыров мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө ата мекендик өндүрүшчүлөргө жеңилдиктер алынып салынганына нааразы болду.

Ишкер бул маселе тууралуу 25-октябрда “Кыргызстандагы бизнес жана инвестициялык климаттын актуалдуу маселелери” деп аталган тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, 2016-жылдан бери «МЕДИМПЕКС» ишканасы Ош шаарында 2 мл 20 мл чейин бир жолу колдонулуучу шприцтерди, ошондой эле инсулин шприцтерин чыгарып келет.

«Менимче, Кыргызстандын өндүрүшүнө бут тоскон топтор бар. Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2015-жылкы мыйзамда ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн 20% жеңилдиктер бар эле. Бул жеңилдиктер 2022-жылдагы түзөтүүлөрдө алынып салынган.

Өзбекстанда да ушундай өндүрүштөр ​​бар, алар менен тыгыз байланыштабыз. Алар продукциясын чет өлкөгө чыгаргысы келсе, өкмөт аларга өздүк наркы боюнча сатууну сунуштап, калган акчасын биз беребиз, мамлекетке валюта келип турсун деп айтат экен. Ошондуктан өзбек, азербайжан өндүрүшүнүн бир жолу колдонулуучу шприцтери өз баасында кетет. А бизде болсо 20% жеңилдетүүнү да алып салышты. Ушундай шартта башка өлкөлөр менен кантип тең тайлаша алабыз?» – деди Кадыров.

Ал Экономика министрлигине да, министрлер кабинетине да мамлекеттик жардамсыз коңшу мамлекеттердин компаниялары менен атаандашуу кыйын болуп жатканын айтып кат жолдогон, бирок бир да жолу жооп алган эмес.

Ал ошондой эле учурда ишкананын продукциясынын сапаты мыкты деп тастыкталганын жана Россия менен Түштүк Кореяга жөнөтүлүп жатканын айтты. Продукциянын сапаты жакшы болгондуктан гана бүт чыгымдарды орустар өзүнө алганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары мандаттарын тапшырышты

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары мандаттарын тапшырышты

5-августта Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимди бекитти. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде токтотулган. Чечим Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде кабыл алынды. Мандатын тапшыргандар: - Бишкек

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек – Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 60 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган. Учурда

Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

5-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров сел жургөн Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылына барып, абал менен жеринде таанышып, селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана тургундарга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурда жеринде 12 куткаруучу, атайын техника жана жарандык