Талас районунун тургундарына көмүр базар баасынан арзан сатылууда

Талас районунун тургундарына көмүр базар баасынан арзан сатылууда

Талас облусунун жашоочуларына жеңилдик кылуу максатында базар баасынан арзан көмүр алынып келип, элге сатылууда. Демилге өкүлчүлүк тарабынан көтөрүлүп, каржылык колдоо «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан болгон.

Бул жылы Талас облусунда көмүрдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу кымбаттады. Анын башкы себеби, коңшу Казакстан мамлекети өздөрүнөн чыккан көмүрдү экспорттоого тыюу салгандыгына байланыштуу. Андыктан базарда көмүрдүн тоннасын жеке жактарга сатууда анын наркы 7-8 миң сомго чейин болууда.

Тургундарга жеңилдик кылуу максатында Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келүү уюштурулган. «Альянс Алтын» фондусу көмүр ташып келүү үчүн кайтарымдуу негизде пайызы жок 2 млн сом каражат бөлүп берген.

Келишимдин негизинде көмүр ташыган тарап Талас шаарында 5200 сомдон жана райондордун борборлорунда 5300-5500 сомдон элге жеткиликтүү сатышат.

Эскерте кетсек Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы өткөн кыш айларында дагы жергиликтүү тургундарга көмүр таңкыстыгы жаралганда жардам берген.

Кошумча окуңуз:

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 8.4 млрд сом төктү

«Альянс Алтын» компаниясы 8 млрд сом өлчөмүндө салык төлөдү

Мындан тышкары окуңуз

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,