Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, БАЭ, Катар, Кувейт, Иордания кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, БАЭ, Катар, Кувейт, Иордания кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

Бириккен Араб Эмираттары жана Перс булуңунун 6 өлкөсү Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аталган өлкөлөрдүн жеке компаниялары менен жолугуу учурунда белгилүү болду.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, КРнын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташууга Эмгек министрлиги менен аталган өлкөлөрдүн жеке компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюу аземи болгон.

«Эмгек министрлиги биздин жарандарды Перс булуңунун жети мамлекетинде мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча келишим түздү, алар Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания.

Бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө 815 бош жумуш оруну бар, ошол эле учурда чакырган тарап визаны бекер берип, авиакаттамды төлөйт. Ошондой эле талапкер өзүнүн документалдык колдоо көрсөтүүсүнө байланыштуу чыгымдарды төлөбөйт», – деп билдирди министрликтен.

Бул өлкөлөрдө жарандардын ишке орношуусу боюнча маалыматты КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан, ошондой эле – migrant.kg сайтынан алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз