Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан БУУ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде 81-орунга жайгашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Кыргызстандагы санариптештирүүнүн деңгээлинин динамикалык өсүүсү акырындан уланууда. 2022-жылды 2014-жыл менен салыштырганда, өлкө 20-позицияга жогору көтөрүлгөн.

“Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп саналат. Андан тышкары, Кыргызстан жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде да ишенимдүү түрдө 79-орунга көтөрүлдү.

EPI индексин EGDI толуктайт, ошону менен бирге жарандардын сурамжылоо боюнча же сурамжылоосуз жарыяланган маалыматтарга болгон жеткилүктүүлүгүн, мамлекеттик саясат менен кызмат көрсөтүү жагын талкулоо, электрондук чечимдерди кабыл алуудагы саясий, кызмат көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо боюнча биргелешкен электрондук чечимдерди кабыл алуудагы калктын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү айгинелейт”, – дейт аталган министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз