Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга экинчи жолу кайрадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын берген маалыматына таянсак, биринчи жолу жарыяланган тендер катышуучу компаниялар квалификациялык талаптарга жооп бербегендиктен жараксыз деп табылган.

Учурда “Данги” участкасындагы башкы суу алуучу жайды жана Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга экинчи жолу кайрадан тендер жарыяланган.


Эскерте кетсек, ушул жылдын август айында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” программасынын алкагында Ош шаарынын суу алуучу курулмасын жана суу тосмосуна суу түтүгүн курууга тендер жарыяланганын билдирген болчу. Бирок жогоруда айтылгандай, биринчи тендер жараксыз деп табылган.

Бул долбоорго Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан 3 млн доллар каралган. Бирок экинчи тендер качан жыйынтыкталат, жыйынтыкталса, качан башталат, башталса долбоор качан аягына чыгат, аягына чыкса, Ош эли качан таза суу менен камсыз болот, азырынча мэрия так маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.

Эскерте кетсек, 19-майда Ош шаарынын активисттери ар жааган жамгырдан улам токтоп калган таза суунун жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан.


Кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары көчмө жыйындын алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына барып, ал жердеги көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов да нөшөрлөп жааган жамгырда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин толук чечүү үчүн адистер заманбап сууну тазалоочу мембраналык системаны орнотууну сунуштап жатканын баса белгиледи.

Анда Папан суу сактагычындагы сел учурунда булганган сууну тазалай турган ультра фильтрация технологиясы иштейт. Өз кезегинде депутаттар бул долбоорлорду колдоорун айтып, бул идеяларды эл аралык жана бейөкмөт уюмдар арасында сунуштоо зарылдыгын жөн гана белгилеп коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто мунай арзандап жатат. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыш болушу мүмкүн деген күтүүлөр себеп болуп жатканын эл аралык ЖМКлар маалымдашты. Маалыматка таянсак, Лондондогу ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери баррелине 79,01 долларга чейин түштү. Ал эми мурунку күнү бул көрсөткүч 5,3%га

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 170 миллион сомду түзөт. Капиталдык оңдоонун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, ички

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “АБанк” ААКнын биргелешкен ишинин алкагында өлкөнүн агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого багытталган мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке ашыруунун алкагында олуттуу жыйынтыктар камсыздалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп,