Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдири.

Чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы 2022-жылдын 31-январында эсептик ченди 50 базистик пунктка 8.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган.


Белгилей кетсек, буга чейин Economist.kg Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, жөнгө салуучу эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто мунай арзандап жатат. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыш болушу мүмкүн деген күтүүлөр себеп болуп жатканын эл аралык ЖМКлар маалымдашты. Маалыматка таянсак, Лондондогу ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери баррелине 79,01 долларга чейин түштү. Ал эми мурунку күнү бул көрсөткүч 5,3%га

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 170 миллион сомду түзөт. Капиталдык оңдоонун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, ички

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “АБанк” ААКнын биргелешкен ишинин алкагында өлкөнүн агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого багытталган мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке ашыруунун алкагында олуттуу жыйынтыктар камсыздалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп,