Ысык-Көлдөгү бир мөңгү эми «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» деп аталат - президент ыйгарды

Ысык-Көлдөгү бир мөңгү эми «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» деп аталат - президент ыйгарды

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү бир мөңгүгө шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымын ыйгарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Жапаров БАЭнин президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө “шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышы ыйгарылганы жөнүндө билдирди.

“Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган. БАЭ Президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто мунай арзандап жатат. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыш болушу мүмкүн деген күтүүлөр себеп болуп жатканын эл аралык ЖМКлар маалымдашты. Маалыматка таянсак, Лондондогу ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери баррелине 79,01 долларга чейин түштү. Ал эми мурунку күнү бул көрсөткүч 5,3%га

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 170 миллион сомду түзөт. Капиталдык оңдоонун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, ички

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

Ишкердикти колдоо максатында 6 млрд 781,7 млн сом насыя берилди

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “АБанк” ААКнын биргелешкен ишинин алкагында өлкөнүн агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого багытталган мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке ашыруунун алкагында олуттуу жыйынтыктар камсыздалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп,