Бишкек - Алматы багытында электр автобустары каттай башташы мүмкүн

Бишкек - Алматы багытында электр автобустары каттай башташы мүмкүн

Бишкек менен Алматынын ортосунда электр автобустары каттай башташы мүмкүн. Бул долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) эксперттери ишке ашырууну сунуштаганын КРнын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай сунуш Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулган Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун (АБЭК) транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кыргыз-казак жумушчу тобунун экинчи отурумунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар АӨБдүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Алматы-Бишкек каттамында электр автобустары менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунушун талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул жыйында ошондой эле Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун курулушуна каржылык-техникалык анализ даярдоо чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз