Бишкекте алкоголдук продукцияга сыйымдуулугунан аз көрсөтүлгөн акциздик маркалар чапталып жүргөнү аныкталды

Бишкекте алкоголдук продукцияга сыйымдуулугунан аз көрсөтүлгөн акциздик маркалар чапталып жүргөнү аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкекте алкоголдук продукцияны өндүрүүдө аз көлөмдөгү акциздик маркалар менен маркалоо жолу аркылуу арак-шарап заводдорунун бири тарабынан тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу аракетине бөгөт коюшканын билдирди.

Маалыматка таянсак, сыйымдуулугу 0.7 литр болгон 2 916 бөтөлкө LEVEL арактарына 0.25 литр көлөмүндөгү акциздик маркалар, ал эми 0.5 литр көлөмүндөгү 384 бөтөлкө “Кыргызстан” коньягына 0.2 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган.

Аныкталган бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

КРда акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык, акциздик продукцияны түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.

Бул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” эл аралык операциясынын алкагында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төрт жаран кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

29-июнда өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт/саатка жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому билдирди. Ишкананын маалыматына караганда, бул — жай мезгилинде катталган тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 29-июнунда керектөө болжол менен 40 млн кВт/сааттын тегерегинде

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кемин шаарынын борбордук бөлүгүндө жеке ишкерлер менен жолугушуу уюштурулуп, шаардын дизайн-коду жана архитектуралык бирдиктүү көрүнүшү боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаардын сырткы келбетин иретке келтирүү, фасаддарды бирдиктүү стандартка ылайыкташтыруу, көрнөк-жарнактарды тартипке салуу жана жалпы шаардык эстетиканы жакшыртуу маселелери талкууланды. Жеке ишкерлер

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ош шаарындагы №76 Курманжан датка бала бакчасы климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан технологиялар менен жабдылып, жаңыланып, кайра пайдаланууга берилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакчанын жамааты жана ата-энелер катышты. Иш-чарада Масуда Айдарбекова өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган