Бишкекте автоунаага каалагандай комбинациядагы номурларды сатуучу жаңы түйүн ачылды

«Инфоком» Мамлекеттик ишканасы Бишкекте унаалардын өзгөчө комбинациялуу мамлекеттик номурларын сатуучу жаңы түйүнү ачылганын билдирди.

Ал түйүн Барпы Алыкулов көчөсүнүн 3/10 дареги боюнча “2 прораб” курулуш гипермаркетинин (АвтоЦОН) имаратында ачылды.

Ал жерде:

  • аукциондук жана аукциондсуз номерге сертификат сатып алууга болот
  • даяр мамномерди сатып алууга жана жеринде тариздөөгө шарт түзүлгөн
  • каалаган комбинацияны тандап, сайттан каттоо жана мамномерлерди сатып алуу боюнча консультация алууга болот.

«Инфоком» шейшемби, шаршемби – дем алыш күндөрү экенин, nomer.srs.kg сайтында бардык мамномерлер жөнүндө маалымат бар экенин эскертет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды