Бишкектеги түтүн административдик чек ара дегенди түшүнбөйт - Атай Самыйбек

Бишкектеги түтүн административдик чек ара дегенди түшүнбөйт - Атай Самыйбек

Түтүн маселеси Бишкекте эле эмес, Чүй облусунда да чечилиши керек. Түтүн административдик чек ара дегенди түшүнбөйт. Мындай пикирин бүгүн, 2-ноябрда Economist.kg сайты уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деп аталган тегерек столдо шаар пландоочу Атай Самыйбек билдирди.

Анын айтымында, транспорт жана күйүүчү майдын сапатсыз маселелерин чечүүдө административдик чек ара менен гана чектелбеш керек, түтүнгө чек дегенди билбейт.

«Биз шаардын экологиясын, дарыялардын агымын жана борбордун сыртында жайгашкан суу көлмөлөрүн куруу тууралуу ойлонушубуз керек. Бишкектин үстү жагында адамдар бир-эки күнгө барып эс алышкан жерлер бар эле. Азыр болсо жарандар ал жерде туруктуу жашашып, жылытуу үчүн эмнелерди жагып жатканы белгисиз. Тоо тараптан таза эмес жел келип жатат», – деп белгиледи эксперт.

Мындан тышкары, борбор калаада транспорт маселеси чечилсе, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын түтүн көйгөйү турат. Эксперт Бишкекте бардык долбоорлорду ишке ашырып, маселени чечкен менен борборго жакын батыш райондорунун көйгөйү кала берерин айтат.

«Биз себептер менен эмес, кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Бишкекке күнүнө 200 миңдей тургун келет, алардын 100 миңи автоунаасы менен келишет. Бул агымды коомдук транспортту колдонуу менен азайтса болот. Биз темир жолдун потенциалын пайдаланбай жатабыз”, – дейт Самыйбек.

Мындан тышкары окуңуз

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат. Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 796 балага берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет. Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде өткөрүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү. Лабораториянын жардамы менен

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери