Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол ведомстволору долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүшөт

Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол ведомстволору долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүшөт

27-октябрда Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Тараптар уюмдун темир жол администрацияларынын активдүү кызматташуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн темир жол башкармаларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү боюнча жана бир катар башка макулдашуулар түзүлдү.

Бул тема боюнча башка жаңылыктарды окуңуз:

Кашкар — Ош — Анжиян — Галаба — Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти

Самаркандда Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында 18 үйдү суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп,

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

“Бишкекгаз” кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин айрым райондордо жаратылыш газы берилбей турганын маалымдады. Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат: Лермонтов көчөсү, темир жол, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, ЧЧК, “Энергетиктер шаарчасы”, “Аламүдүн-1” кичирайону,

Таластык ишкер тоок чарбасын кеңейтип, 500 жумуш ордун түзүүнү көздөйт

Таластык ишкер тоок чарбасын кеңейтип, 500 жумуш ордун түзүүнү көздөйт

Манас районунда жашаган Рахматжан Сатыбалдиев эт багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүп жатат. Учурда ишкер 5 миңден ашуун жөжө багууда. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал чарбасын кеңейтүү максатында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жер алуу боюнча кайрылган. Учурда маселени чечүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Ишкердин айтымында, жер маселеси чечилсе,

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат. Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.