Улутстатком Кыргызстандагы эң көп маяналуу кесиптерди атады

Улутстатком Кыргызстандагы эң көп маяналуу кесиптерди атады

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылга карата экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо айлык эмгек акынын көлөмү боюнча маалыматын жарыялады.

Берилген маалымат боюнча, орточо айлык эмгек акынын эң жогорку деңгээли финансы секторунун, кайра иштетүү өнөр жайынын, маалымат жана байланыш тармагында катталган.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендердин орточо айлык маянасы – 36 миң 245 сомду, ал эми кайра иштетүү өнөр жайы, маалымат жана байланыш тармагында иштегендердин орточо айлык акысы – 35 миң сомго жакын белгиленген. Андан кийин тоо-кен казып алуу менен алектенген жумушчулар, электр энергиясы, газ жана ушул сыяктуу тармактарда эмгектенгендердин айлыгы 30 миң сомдон ашары айтылат.

Эмгек акынын эң төмөнкү деңгээли мурдагы жылдардагыдай эле искусство, оюн-зоок жана эс алуу (9.5 миң сом), айыл чарба (10.3 миң сом), ошондой эле саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (10.7 миң сом) тармагынын кызматкерлеринде катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат. Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 796 балага берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет. Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде өткөрүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү. Лабораториянын жардамы менен

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери