«Азаттыктын» эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген доомат негизсиз - DemirBank

«Азаттыктын» эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген доомат негизсиз - DemirBank

DemirBank “Азаттыктын” эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтардын баары таптакыр негизсиз. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы “Азаттык Медиа” мекемесинин бөгөт коюлган эсебине жооп катары билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин “Азаттык Медиа” мекемеси “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылган. Банк “Азаттыктын” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдирген. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

“Азаттыктын” эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык токтотулган. Бул боюнча расмий жоопту банк анын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде “Азаттыкка” билдирди. ТИК/ККЛК мыйзамынын талаптарын аткаруу Кыргызстандын бардык банктары үчүн милдеттүү жана жогоруда аталган мыйзамдын 32-беренесине ылайык, банктар банктык операцияларды токтото туруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт, эгерде бул КРнын мыйзамдарына ылайык жана негизинде жасалган болсо”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми “Азаттык” болсо, банктык эсептерге соттук актынын негизинде гана камоо коюлушу мүмкүн экендигин айтат.

“Кыргызстандын “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоодо турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттук актынын негизинде камоо коюлушу мүмкүн.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өтүнүчү, талабы банктык эсеп боюнча операцияларды токтотууга негиз болуп саналбайт. Банк бул норманы бузган учурда, түзүлгөн келишимге ылайык, жоопкерчиликти банк тартат. Мындан тышкары, эгерде кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексинде белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө, банк материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болот”, – деп айтылат “Азаттыктын” маалыматында.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз