Бишкек мэриясы 2023-жылы бардык отканаларды газга өткөрүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы 2023-жылы бардык отканаларды газга өткөрүүнү пландап жатат

Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылы 22 капиталдык откананын баарын газ менен жылытууга өткөрүү ниетинде. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов Economist.kg сайты уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деп аталган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 4 откана газ менен жылытууга өткөрүлдү. Келерки жылы шаар бийлиги калган отканаларды газга өткөрүүнү аяктайт.

Мындан тышкары, Молдокулов тигүү цехтеринен чыккан калдыктар маселесин көтөрдү. Мэрия буга чейин тигүү калдыктарын утилизациялоо үчүн цех курууга жер бөлүп берген. Бийлик аталган өндүрүш экологиялык жактан таза болот деп убада кылууда.

«Биз шаардын ар бир районуна таштандыларды сорттоочу пункттарды курууну пландап жатабыз. Келечекте мындай бекеттердин саны 400гө чейин жеткирилет. Ошондой эле активдүү фазада таштандыларды кайра иштетүүчү завод боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мэр азыр Чехияда, алардын тажрыйбасын үйрөнүп жатат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат. Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 796 балага берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет. Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде өткөрүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү. Лабораториянын жардамы менен

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери