ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы алымдары 4.7 млрд сомго азайды - Бажы кызматы

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы алымдары 4.7 млрд сомго азайды - Бажы кызматы

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар 11.3 млрд сом болуп, болжолдук көрсөткүчтөргө карата 78.3%ды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар азыркы күндө 4 млрд 700 млн сомго азайган.

“Бул Бажы биримдигине кирген баш мамлекеттен жалпылаштырып кирген товардын өлчөмүнөн алынган бажы алымдары, анын ичинен КРга берилген 1.9%дык көрсөткүчү бүгүнкү күндө 4.7 млрд сомдук өлчөмдө бизге түшпөй жатат дегенди түшүндүрөт.

Андан сырткары, бул беш мамлекет ичиндеги бажы төлөмдөрүнө 1 миң 300дөн ашык товардык позицияга жеңилдиктер берилгендигине байланыштуу болуп жатат”, – деди ал.

Исабеков буга карабастан 2021-жылдын ушул тогуз айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20.3 млрд сомго көбөйгөнүн, же болбосо, өсүү темпи 167%га жогорулаганын, алардын ичинен алып караганда, алымсыз бажы төлөмдөр 25 млрд сомго көбөйгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз