Кыргызстанга быйыл Кытайдан 2.8 млрд доллардык товар келди

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын импорту 2 млрд 807 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Кытайдан келген товардын салмагы 607.3 миң тоннаны түзүп, андан 35.7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн.

Ошондой эле 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189.3 млн долларды түздү.

Анын ичинен:

  • Кыргызстандын жалпы экспортунун көлөмү – 500.2 млн доллар, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тонна
  • Ал эми импорттун көлөмү – 4 млрд 689.1 млн доллар, салмагы 1 млн 535.6 миң тонна болгон.

Кошумчалай кетсек, Бажы кызматы тогуз айда Финансы министрлиги белгилеген пландын 81.6%ын гана аткара алган, тагыраак айтканда, 11.9 млрд сомго аз аткарган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды