Товарларды маркалоо үчүн жыл башынан бери эң көп код тамеки продукциясына берилди - 194.7 млн

Товарларды маркалоо үчүн жыл башынан бери эң көп код тамеки продукциясына берилди - 194.7 млн

2022-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилде “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 217.8 млн коду берилген. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Анын ичинен:

  • тамеки продукциясына – 194.7 млн код
  • алкоголдук продукцияга – 23 млн код
  • жеңил өнөр жай продукциясына – 95.4 миң код
  • бут кийим продукциясына – 960 код берилген.

“Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында 73 товар өндүрүүчү жана импорттоочу катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Мындан тышкары, 2022-жылдын мартынан тартып пиво продукциясын, бөтөлкөгө куюлган сууну (минералдык, газдалган), суусундуктарды (кант камтыган, газдалган, сергитүүчү жана энергетикалык) жана башка тамеки продукцияларын (сигаралар, сигариллалар, кальяндык тамеки, жыттоочу, чайноочу, никотин камтыган суюктук), ошондой эле никотин жеткирүү түзүлүштөрүн маркалоо боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат.

Товарларды маркалоонун максаты – товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолуна толук байкоо жүргүзүү, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калкты сапатсыз товарлардан коргоо, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Борбор калаадагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын алуу иштерин ӨКМдин кызматкерлери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү аткарып жатышат. Эске салсак, 2-августта жааган нөшөрлүү жаандан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

“Бала ырысы” жөлөк пулу 190 миңден ашык балага берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 796 балага берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет. Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде өткөрүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү. Лабораториянын жардамы менен

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

Баетов–Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери