Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР ТИМдин маалыматында айтылат.

Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди.

“Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Норовдун КРга расмий иш сапарынын алкагында, КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлган.

“КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Норовду КРнын президенти Садыр Жапаров да кабыл алган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз