«Астыбыздагы эң кыйын реформа - Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» - Акылбек Жапаров

«Астыбыздагы эң кыйын реформа - Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында пенсия жаатындагы жүргүзүлчү реформалар тууралуу минкабдын пландарын айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Соцфонддун өзүнүн кирешеси 54.9 млрд сомду түзсө, Соцфондго тапкан кирешесинен 75% көлөмүндөгү каражат же кошумча 41.3 млрд сом трансферт катары республикаттык бюджеттен берилет.

“Негизи эле биз пенсиялык фондду түзүп жатканда, ал бюджеттен кетет, ар бир киши өзүнүн пенсиясын өзү чогултат дегенбиз. Биз тилекке каршы, 20-30 жылдан бери реформа жасабай, пенсиялык фонд толугу менен бюджетке келип отуруп калды.

Астыбыздагы эң кыйын реформалар – Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө жана социалдык төлөмдөрдү да өзүнчө бөлүү. Астыбызда тоскоолдуктардын баары турат. Жакында реформалар боюнча бир топ мыйзамдарды алып келип беребиз”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал 1-сентябрга карата 733 миң 380 адам пенсия алып жатканын, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго көтөрүлгөнүн, камсыздандыруу бөлүгү 15%га өскөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

30-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына кеминде эки

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Министрлер кабинети "2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алды. Ага ылайык, программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы, ошондой эле бюджеттик бөлүгү бекитилди. Белгиленгендей, программанын негизги максаты — 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу,

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанда 294,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га көп. Кыргызстандан кийинки орунда Казакстан турат. Казакстанда

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” эл аралык операциясынын алкагында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төрт жаран кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары