Кийинки жылы Кумтөрдөн 17.6 тонна алтын түшөт - бирок андан канча каражат бюджетке түшөрү белгисиз

Кийинки жылы Кумтөрдөн 17.6 тонна алтын түшөт - бирок андан канча каражат бюджетке түшөрү белгисиз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Кумтөрдөн 2023-жылы 17.6 тонна алтын чыгары күтүлүп жатканын, бирок салыктан тышкары, болжолдуу канча суммадагы каражат бюджетке түшөрү тууралуу депутаттын суроосуна так жооп берген жок.

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Кумтөрдөн чыккан алтынды сатуудан канча каражат түшөрүнө кызыкты.

“Алтындын өзү бюджетке түшпөйт, өкмөт, Улуттук банк канча алабыз дешсе алышат, калганы чет өлкөгө сатылат. Алтындын сатылган көлөмүнөн 13% алып жатабыз”, – деди Касымалиев.

Депутат кийинки, 2024-25-жылдарда алтынды сатуудан түшкөн каражаттын канчасы бюджетке түшөт, 17 тонна алтындан канчасы бюджетке калат деген суроосу менен так жооп талап кылды.

“Салыктан сырткары Кумтөр дивиденд төлөйт, ал алтындын баасына жараша болот, 25%дан кем эмес болот. Акча “Кыргызалтын” аркылуу түшөт, кирешеси толугу менен Кыргызстанда калат, андан кийин биз акционерлер бюджетке канча алышты чечебиз“, – деди минкабдын өкүлү.

Так жооп ала албаган депутат Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөндөн кийин баары ачык-айкын болуш керек деген пикирин айтты.

“Президент “Кумтөр – элдики, андан түшкөн алтын Улуттук банкта турат” деди. Дивиденд катары 50%ы түшүш керек да. Элдин ишенип атканы – Кумтөр, салык иретинде эмес, киреше түрүндө келгени маанилүү”, – деди Алтынбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз