«Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет» - Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге комментарий берди

«Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет» - Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге комментарий берди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 3-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта мамлекет башчысынын кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдиргени айтылат.

“Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди”, – деп айтылат билдирүүдө.


Эскерте кетсек, КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Владимир Норов менен бирге КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюшкан.

“КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз