Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди.

Жумушчу топтун жетекчиси болуп президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

30-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына кеминде эки

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Министрлер кабинети "2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алды. Ага ылайык, программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы, ошондой эле бюджеттик бөлүгү бекитилди. Белгиленгендей, программанын негизги максаты — 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу,

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанда 294,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га көп. Кыргызстандан кийинки орунда Казакстан турат. Казакстанда

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” эл аралык операциясынын алкагында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төрт жаран кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары