КРнын Армения менен товар жүгүртүүсү быйыл төө буурчакты экспорттоонун эсебинен бираз жанданды

2021-жылы КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.462 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

2020-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 34.6%га азайган, анын ичинде импорт – 3.358 млн долларга же болбосо, 30%га кыскарган. Ошондой эле экспорт – 0.104 млн долларды түзүп, ал дагы 5 эсеге азайган.

Ал эми 2022-жылдын январь-август айларында болсо, КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.79 млн долларды түздү.

“2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге, анын ичинде импорт – 3.65 млн долларга өскөн жана экспорт дээрлик 2 эсеге көбөйүп, 0.14 млн долларды түздү. Төө буурчакты жеткирүүнүн эсебинен экспорт көбөйдү“, – деп билдирди аталган министрлик.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды