Кыргызстанда бир айда 4077 кылмыш иши козголот - ИИМдин отчету

Кыргызстанда бир айда 4077 кылмыш иши козголот - ИИМдин отчету

Бүгүн, 4-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында 2022-жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696 кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат айтылды. Бул ар бир айда эле өлкөдө 4077 кылмыш иши козголот дегенди билдирет.

“Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93.3%ын түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56%ынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң кылмыш иши жиберилди”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ отчетунда күнүмдүк жумушту санариптештирип, кылмыштуулукту, резонанс жараткан окуяларды жана одоно тартип бузууларды болтурбоо боюнча коомдук жайларга, көчөлөргө, кооптуу деп эсептелген аймактарга 2 миңден ашык видео-камераларды орнотушканын айтат.

“Видео-камераларга күнү-түнү мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн, Коомдук коопсуздук кызматына “Координация борборун” түзүп, ишке ашырдык.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылыктар 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8%га азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5%га төмөндөгөн. Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай, алдын алууга үлгүрдүк”, – дейт ИИМдин өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Натыйжада мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарган. Ошондой эле иш

Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Көзөмөл иш-чараларынын алкагында Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында курулуп жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров юридикалык өкүлчүлүк маселелерине байланыштуу мыйзамга кол койду. Документ юридикалык өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүн бирдиктүү тартипке келтирип, жарандар менен юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы мыйзамга ылайык, юридикалык өкүлдөрдүн расмий реестри түзүлүп, алардын билимине, квалификациясына жана кесиптик даярдыгына бирдиктүү талаптар киргизилет.  Ошондой эле юридикалык өкүлдүн макамын алуу,

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун күнүмдүк каттамдарда коомдук транспортту пайдаланууга чакырат. Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке автоунаага караганда үнөмдүү жана ыңгайлуу альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтып, шаар ичиндеги жүрүүнү жеңилдетет. Акыркы жылдары борбор калаада муниципалдык автобустардын паркы жаңыланып,