Көмүрдүн максималдуу баасы үч жумушчу күндүн ичинде белгиленет

Көмүрдүн максималдуу баасы үч жумушчу күндүн ичинде белгиленет

Киргизилген мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында көмүргө максималдуу баа үч жумушчу күндүн ичинде белгиленет. Бул тууралуу 5-ноябрда Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган кызматтын директору Кеңешбай Тайлаков аймактык бөлүмдөр тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде республиканын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын шартында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилөө тууралуу буйрук чыгарды.

Көмүрдүн баасы 1 кг жана 1 тоннага коюлат.

«Кызматтын аймактагы бөлүмдөрү бааларды белгилөө боюнча алдын ала иштерин баштап, көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзө башташты. Мониторингдин жүрүшүндө баалар гана белгиленбестен, көмүрдү казууга да, сатууга да байланышкан чыгымдарды, анын ичинде республиканын бардык аймактарына жеткирүүгө кеткен чыгымдар анализденет», – деп билдирди Монополияга каршы мамлекеттик агенттик.

Агенттик учурда Бишкекте «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын отун базасында жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон, ал эми айланма жолдун боюнда, Алыкулов жана Достоевский көчөлөрүндө (Кара-Жыгач конушунда) жергиликтүү көмүрдүн тоннасы да 4000 сомдон сатылып жатканын кошумчалады.


Көмүрдүн баасы Ош менен Бишкекте канчадан? – 1800 сомдук айырма бар

Буга чейин аталган кызматтын берген маалыматына таянсак, Оштун өзүндө “БК” маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 5400 сомдон 6200 сомго чейин калкка сатылып жаткан.

“Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жеке ишкерлер тарабынан “БК” маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 6000 сомдон 7000 сомго чейин сатылууда”, – дейт аталган орган.

Чүй облусунун аймагындагы көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлгөн.

“Жыйынтыгында, Токмок шаарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 4600-4700 сомго сатылгандыгы аныкталган. Кара-Балта шаарында сатып алуучулар тоннасына 4700 сомдон 5000 сомго чейин беришет, ал эми бир кап көмүр 230-250 сом турат.
Чүй облусунун отун базаларындагы Шабыркүл жана Кара-Жыра
кендеринин көмүрүнүн чекене баасы тоннасына 5000 сомду түзөт”, – дейт Монополияга каршы кызмат.

Ал эми Бишкектеги отун базаларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 4800 сомдон сатылып жатканы аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз