Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon Кыргызстанда «Google салыгын» төлөө талабын четке кагышууда

Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon Кыргызстанда «Google салыгын» төлөө талабын четке кагышууда

Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк компанияларды аралыктан салыктык каттоодон өтүүгө жана республикада электрондук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү болууга чакырат.

Аралыктан каттоону Салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу жүргүзүүгө болот. Каттоодон өткөндөн кийин, чет өлкөлүк уюм идентификациялык салык номерин жана жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы ушул жылдын ичинде бир катар ири уюмдардын, анын ичинде Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon электрондук почталарына салыктык каттоодон өтүү жана КРда кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө ишке ашыргандык үчүн КНС төлөөчү болуу сунушу менен расмий каттарды жөнөткөн.

Бирок, тилекке каршы аталган компаниялар бир нече ай бою Салык кызматынын “Google салыгын” төлөө талабын четке кагып келишкен.

Бүгүнкү күндө КРда электрондук кызматтарды көрсөткөн 18 чет өлкөлүк компания www.vat.salyk.kg сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өткөн. Анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында (4), Нидерландияда (3), АКШда (2), Улуу Британияда (2), Россияда (2), Ирландияда (1), Арменияда (1), Казакстанда (1), Кипрде (1), Латвияда (1) катталгандар.

  • “Google салыгы” деп аталган КРда катталган, домендик аталышты же IP-дарегин пайдаланбастан электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдарды билдирет, алардын жеткирүүчү жери КРнын аймагы болуп таанылат. КНС ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Эскерте кетсек, Яндекс Go, Vaskiani Ventures limited жана Xsolla компаниялары буга чейин 29 млн сом КНС төлөшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз