БАЭ COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү алып салды

8-ноябрдан тарта Бириккен Араб Эмираттары коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу “Манас” аэропорту билдирди.

Мындан ары БАЭге кирүү үчүн ПЧР-тестирлөөнүн жыйынтыгы же COVID-19га каршы эмдөө тууралуу күбөлүк (же анын көчүрмөсү) талап кылынбайт.

Белгилей кетсек, 7-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарында беткап кийүү режими толугу менен жоюлган. Бирок БАЭ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан жүргүнчүлөр жайгаша турган өлкөнүн талаптарын тактап алуусу зарыл.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды