«Биз жомоктордон тажадык» – «Жашыл энергетика» фондунун жетекчиси экологиялык саясат үчүн бийликти сындады

«Биз жомоктордон тажадык» – «Жашыл энергетика» фондунун жетекчиси экологиялык саясат үчүн бийликти сындады

“Жашыл Энергетика” коомдук фондунун төрайымы, “Кыргызстандын Жашыл Альянсы” башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева Economist.kg уюштурган “Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы” деген тегерек столдо бийликке нааразычылыгын айтты.

Ал белгилегендей, Кыргызстан абанын кирдиги боюнча рейтингде биринчи орунду ээлегенден бери бийлик жыл сайын экологиялык таза автобустарды сатып алып, «Газпром» менен макулдашып жатканын айтып келет.

“Жомок уккандан тажадык, бийлик канча жолу убада берди? Кана автобустар? Бир дагы өнүккөн мамлекетте кичи автобус (маршрутка) жок, биз алардан качан кутулабыз? Биз өкмөт, мэрия, экологдор менен биргеликте 40 пункттан турган иш-чаралардын планын түздүк. Бардыгы кетип, жаңылары келип, жыйынтыгында, бир гана пункт аткарылды. Калганы баары кагаз жүзүндө калды”, — деп ачууланды Султангазиева.

Ал ошондой эле негизинен шаарды булгаган, булгануу деңгээлин 70-80%га жеткирген автоунаалар экенин баса белгиледи.

«Биз ЕАЭБдин ичинде азыркыга чейин сапатсыз К2, К3 бензиндерин колдонуп жана өндүрүп келе жаткан жападан жалгыз өлкөбүз. Европада “Евро-7” бензини колдонулат. Биз эски машиналардын таштанды жайына айландык. Түтүн жайында деле турат, ал болгону жарык болуп көрүнбөй калат. Ал эми кышында жылытуу мезгилинде жөн эле коюуланып, түстүү болуп калат», – деди “Жашыл Энергетика” коомдук фондунун төрайымы.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Балыкчы шаарындагы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын филиалында Европа өлкөлөрүнө экспорттолуучу жүктөр үчүн колдонулуучу контейнерлерди жана жыгач таңгактарды фитосанитардык зыянсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлүүдө. Фумигация иш-чаралары экспорттук жүктөр аркылуу карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө, импорттоочу өлкөлөрдүн фитосанитардык талаптарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кыргызстанда 5-августта саат 07:05те 3 баллдык жер титирөө катталды. Анын очогу Каракол шаарынан 69 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү Эңилчек айылында 2,5 балл, Каргак айылында 2 баллга чейин сезилген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди

Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагында жайгашкан Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарынын жашоочуларын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр тармактарын жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Натыйжада 35 абоненттин электр менен камсыз болуу шарттары кыйла жакшырды. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

4-августта МинКаб төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен