Ошто Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды - жетекчиси көпкө чейин маянасын бербей жүргөн

Ошто Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды - жетекчиси көпкө чейин маянасын бербей жүргөн

Ош шаарында Кытай жараны өз жердешинин, тагыраак айтканда, жетекчисинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош ИИБ берген маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрь күнү саат болжол менен 10.00 чамасында Ош шаарынын Алишер Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында Кытай Республикасынын жараны 1978-жылы туулган Д. Ж. Аттуу жараны адам колдуу болуп каза болгон.

“Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытайдын 1980-жылы туулган жараны К. П. кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирди. Тагыраак айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмсөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча ошол жерде жашашкан маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралышкан.

Ош шаардык ИИБ учурда иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз