Россия косметика, кийим-кече жана сумкаларды Кыргызстан аркылуу импорттой баштады – бул товарларга санкция киргизилген

Россия косметика, кийим-кече жана сумкаларды Кыргызстан аркылуу импорттой баштады – бул товарларга санкция киргизилген

АКШ менен Евробиримдик Россияга карата санкцияларды киргизгендиктен, РФ бир катар товарларды Кыргызстан аркылуу сатып ала баштады. Бул тууралуу  Factcheck.kg Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарын талдап чыгып, билдирди.

Быйыл майда АКШнын аркасынан Евробиримдик да Россияга буюмдарды жиберүүгө тыюу салган тизмеде косметика, парфюмерия жана айымдардын сумкалары бар.

Улутстаткомдун маалыматтары боюнча, быйыл 8 ай аралыгында (январь – август) Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү $2 млрд түзүп, 41%га өскөн, ал эми экспорттун көлөмү $445 түзгөн, былтыр ал $238 млн болчу.

Аталган портал, иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстан косметиканы, буюмдарды жана сумкаларды көбүрөөк экспорттой баштаганын билдирди.

  • Январдан августка чейин Кыргызстан 50 тонна атыр саткан, былтыр ушул эле убакытта бир тоннага жетпеген көлөмдө сатылган.

Кыргызстан парфюмердик каражаттарды негизинен Кытайдан (59 тонна), Беларустан (22 тонна), Түркиядан (20.6 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарынан (17.5 тонна) алып келген. Ташып келинген атырдын жарымы Россияга реэкспортко кеткен.

  • Макияж каражаттары. 2022-жылы (январь-август) КР Россияга 260 тонна саткан, ал эми 2021-жылы (январь-август) болгону 8 тонна сатылган болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан макияж каражаттарын бир катар өлкөлөрдөн сатып алат. Алар: Орусия (1158 тонна), Кытай (698 тонна), Корея (757 тонна), Казакстан (366 тонна), Польша (38 тонна), АКШ (13.3 тонна).

  • Сумкалардын да экспорту да өскөн. Быйыл бул товар 2.1 млн даана көлөмүндө Россияга жиберилген, былтыр болсо болгону 520 даана экспорттолгон болчу.

Ошол эле кезде Кыргызстан сумкалардын көбүн Кытайдан (58 миң даана) жана Түркиядан (3.4 миң даана) алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Балыкчы шаарындагы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын филиалында Европа өлкөлөрүнө экспорттолуучу жүктөр үчүн колдонулуучу контейнерлерди жана жыгач таңгактарды фитосанитардык зыянсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлүүдө. Фумигация иш-чаралары экспорттук жүктөр аркылуу карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө, импорттоочу өлкөлөрдүн фитосанитардык талаптарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кыргызстанда 5-августта саат 07:05те 3 баллдык жер титирөө катталды. Анын очогу Каракол шаарынан 69 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү Эңилчек айылында 2,5 балл, Каргак айылында 2 баллга чейин сезилген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди

Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагында жайгашкан Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарынын жашоочуларын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр тармактарын жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Натыйжада 35 абоненттин электр менен камсыз болуу шарттары кыйла жакшырды. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

4-августта МинКаб төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен