Ушул сааттарда бардык банктар доллардын курсун бирдей коюшту

Ушул сааттарда бардык банктар доллардын курсун бирдей коюшту

Кыргызстанда доллардын базар баасы август айынан бери биринчи жолу 83.5-84.5 сомго чейин көтөрүлгөндөн бери (сатып алуу-сатуу) ушул деңгээлде кармалууда.

Бүгүн, 9-ноябрда саат 09:35ке карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында доллардын курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүп жатканын valuta.kg сайты маалымдады.

Белгилей кетсек, ушул сааттарда бардык коммерциялык банктарда доллардын курсу бирдей болуп, 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүүдө.

Улуттук банктын 7-ноябрга карата расмий койгон курсу – 83.9981 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Таластагы өткөрмө пункттарында жемкорлукка каршы чаралар көрүлдү

Таластагы өткөрмө пункттарында жемкорлукка каршы чаралар көрүлдү

Талас облусундагы “Чоң-Капка” жана “Кызыл-Адыр” транспорттук көзөмөл пункттарында жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү багытында жаңы шарттар түзүлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, негизги максат — салмак-габариттик текшерүү учурунда тескөөчүлөр менен айдоочулардын түз байланышын азайтуу аркылуу ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жемкорлук тобокелдиктерин жоюу. Маалыматта белгиленгендей,

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилерге туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Кезектеги

Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын айрым социалдык маанилүү максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул боюнча акыркы өзгөртүүлөр 2026-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирген. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, КРнын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүндүгү каралган: 1.       Пенсия курагына жеткен

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

30-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына кеминде эки