Мамлекетке 10 млн сом төккөн чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда жашоого уруксат берилет

Мамлекетке 10 млн сом төккөн чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда жашоого уруксат берилет

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында КРнын экономикасына салым кошкон чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү чечими жактырылды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим аркылуу КРнын экономикасына 10 млн сомдон ашык салым кошкон чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу жашоого уруксаты боюнча материалдарды кароо мөөнөтү кыскартылат.

Ошол эле учурда КРнын экономикасына 10 млн сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жаранга (КР менен чектеш өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары) жашоого уруксат өтүнмө берилгенге чейин 6 айдан кем эмес мөөнөткө милдеттүү түрдө жашоо талабысыз уруксат берилет. 

Белгилей кетсек, “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык, убактылуу жашоого уруксат КРга 6 айдан ашык мөөнөткө келген КРда мыйзамдуу жашоо булагына ээ чет өлкөлүк жаранга, же жарандыгы жок адамга берилиши мүмкүн:

  • ишке уруксаты менен бирге эмгек келишими боюнча иштөөгө
  • окуу жайдын өтүнүч каты боюнча окуу жайда окууга;
  • инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз