Ошто мобилдик тиркеме аркылуу жазылып келүүгө боло турган КТБ ачылды

Ошто мобилдик тиркеме аркылуу жазылып келүүгө боло турган КТБ ачылды

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды. Бул тууралуу “Инфоком” МИнин маалымат кызматы билдирди.

Борбордун жалпы аянты 1300 м2, ыңгайлуу кирүүчү жолдор жана 100 унаа үчүн токтотуучу жай каралган. Документтерди тариздөө жана кабыл алуу үчүн 35 «терезе», өзүнчө маалымат кызматы жана сүрөт аянтчасы, кенен күтүү залы, балдар ойноочу аянтчасы бар эне-бала бөлмөсү уюштурулган. Мындан тышкары, нотариустар жана банктык кассалар каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кабыл алуу үчүн биринчи кабатта өзүнчө кабинет уюштурулуп, анда документтерди ыкчам тариздөө кызматы да каралган.

“Жаңы КТБнун ачылышы менен жарандар өз сапарын пландаштырып, Борборго келүү үчүн эң ыңгайлуу убакытты ээлеп коюуга мүмкүнчүлүк алышты. Бул мүмкүнчүлүк Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылды. Тиркемени Play Market жана App Store аркылуу жүктөп алса болот”, – деп айтылат маалыматта.

Заманбап КТБ Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8г/1 дареги боюнча жайгашкан. Бул борбор күнүнө 1000ден ашык адамды тейлей алат.

Белгилей кетсек, ири калкты тейлөө борборунун ачылышы менен Ленина 318 жана ул. Раззакова 2 даректеринде жайгашкан мурдагы эки калкты тейлөө борбору – жабылды.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз