MOST Ventures, UMAY ЖТПнын резиденти «Долон» компаниясына жарым млн доллар инвестиция салышат

MOST Ventures, UMAY ЖТПнын резиденти «Долон» компаниясына жарым млн доллар инвестиция салышат

Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденти “Долон” компаниясы жарым млн доллар инвестиция алды. Тагыраак айтканда, MOST Ventures венчурдук фонду, UMAY бизнес клубу жана бир катар казакстандык инвесторлор кыргызстандык “Долон” стартапына 500 миң доллар инвестиция салышат. Бул тууралуу MOST Ventures билдиргенин ЖТП кабарлады.

Аталган стартап тоо-кен тармагынын көйгөйлөрүн чечет жана алынган продуктуга геологиялык анализ жүргүзүү убактысын оптималдаштырууга, геологиялык сценарийлердин тактыгын жана санын көбөйтүүгө, кошумча геологиялык чалгындоо иш-чаралары боюнча сунуштарды берүүгө, ошондой эле алгачкы этаптарда тобокелдиктерди баалоого мүмкүндүк берет.

Фонддун менеджери Алим Хамитовдун айтымында, стартап мыкты өсүү темпин көрсөткөн.

«Биз кыргызстандык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырган акселерация программасынын аркасында “Долон” биздин портфелдик долбоор болуп калды. Ошондо да бул стартап B2B сегментинде жогорку сатуу түрүндө мыкты трекшнге ээ болду.

Биздин оюбузча, учурда рынокто тоо-кен өнөр жайы тармагы үчүн жакшы сунуштар жок. Ал эми таланттуу инженерлер жана иштеп чыгуучулардан турган кичинекей команда миллиондогон долларды үнөмдөөчү чечимдерди сунуштай алат жана ошондой эле тармактын өнүгүшүнө салым кошо алат деп эсептейбиз.

“Долон” – бул стартап, ал тездик менен өнүгүп, башка рынокторго чыга алат жана эң негизгиси күчтүү командасы бар, мунун өзү эле күчтүү артыкчылык берип турат. Биз бүткүл дүйнө үчүн уникалдуу чечими бар мындай келечектүү технологиялык бизнестин биринчи инвесторлору болгонубузга кубанычтабыз», – деди Алим Хамитов.

  • “Долон” – жер казынасынын кендерин пайдалануучу компаниялар үчүн маалымат агымын автоматташтыруу жаатында инновациялык чечимдерди сунуш кылган кыргызстандык компания болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз